Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.
Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, «Манас» эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.