• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шайназаров: Кыргызстанда 50 батири бар инженер бар

20 Бирдин айы 2018 12:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.2018.Govori.TV
«Бишкек жылуулук түйүнүнүн» башкы инженери М.Кургановдун 50 батири бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Тынчтык Шайназаров эларалык иштер жана коргонуу комитетинин жыйынында айтып чыкты.
«Силдердин башкы инженериңер Курганов дале иштеп жатабы? Мен бир жыл мурун бул маселени көтөргөм, бирок али да жооп ала элекмин»,-деп «Бишкек жылуулук түйүнү» компаниясынын өкүлүнө кайрылды.
Депутаттын айтуусунда башкы инженер М.Кургановдун 50 батири бар.
«Бир объектке жылуулук туташтыруу үчүн, ал бирден батир алат экен. Анын уулу бар экен, ага ушул иштер менен алектенген компания катталган»,-деди депутат.
Шайназаров бул иш ага гана эмес бир канча депутатка маалым экенин айтты. Эске салсак, бул ишти өткөн жылы депутат Бакыт Төрөбаев дагы көтөрүп чыккан.

«Албетте, силер чыгашалуу компаниясыңар, эгер силердин инженериңер 50 батирге ээлик кылып жатса»,-деди депутат.

«Бишкек жылуулук түйүнү» компаниясынын башкы директору Эркин Абдыкалыков муну Мамлекеттик экотехинспекция текшерип чыкканын, бирок эч нерсе таппаганын айтты.
«Анда ушинтип жашай бергиле, жашагыла, уурдагыла»,-деди Шайназаров.
Депутат Руслан Казакбаев президент менен өкмөттүн өкүлдөрүнн ишине ачууланды.
«Эмнеге силер эч нерсе жазбай отурасыңар? Бул жерде депутат текшере турчу конкреттүү адамдын атын атап жатат, силер эч нерсе жазган жоксуңар.Биз тотукушка айландык, айтып-айтып кала берген»,-деди.
Количество просмотров: 27