• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Шейх Боомдогу каттама жасаган апаны Абу-Дабиге чакырды

14 Бештин айы 202212:45 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайына кире бериштеги көпчүлүгү тамшанып жеген каттамаларды жасаган айтылуу апа үй-бүлөсү менен эки жумага Абу-Дабиге кетти. Аларды шейх анын ашпозчуларын каттама жасаганды үйрөтүү үчүн алып кеткен. Бул тууралуу фут-блогер Адилет Ногойбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстанга үй-бүлөсү менен келген шейхти коштоп жүргөндөр Ысык-Көлгө бараткан жолдо жергиликтүү ашкана менен тааныштырышкан. Аларга каттама жана сүт чай аябай жаккан.

Сапардын уюштуруучулары айткандай, шейх Лира эжени үй-бүлөсү менен Абу-Дабиге чакырган.

Количество просмотров: 1387