• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Шектүүлөр банктан 1 миллион сомдон ашык каражатты алып кетишкени айтылууда

26 Жетинин айы 201914:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы 6-кичи райондо жайгашкан «Эко Исламик Банк» ЖАКтын филиалын белгисиз адамдар тоноп, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Такталбаган маалыматтар боюнча 1 миллион сомдон ашык каражатты алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 26-ноябрда болжол менен саат 09:00 чамасында медициналык бет кап тагынган эки адам банктын күзөтчүсүн сабап, качып кетишкен.

Ал эми, бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 73