• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Кармалгандар эмне себептен Айеркен Саймаитини өлтүрүшкөнүн айтып беришти

12 Жетинин айы 2019 17:06 Бишкек Govori.TV

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган жарандар аны эмне үчүн өлтүргөнүн айтып беришти. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Адана облусунан кыргызстандык Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана сириялык Али Исбех жарандар кармалган. Сириялык жарандан жасалма паспорт табылган. Шектүүлөр Сириядан таанышышкан. Кыргызстандыктар Түркияга бир ай мурун келишкен. Сурак учурунда алар Айеркен Саимаитини өлтүргөнүнүн себеби катары анын мусулман болбогонун айтышкан», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Стамбулда куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айеркен Саимаити каза болду. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган.

Ишкер өлтүрүлгөн жерден «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган. Жалпыга маалымдоо каражаттары аталган унаа Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулуна таандык болушу мүмкүн экенин жазышты.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Сопоков Эркин Мамасалиевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 13867