Шереметьево аэропортунун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20дай Кыргызстандын жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен биргеликте мекендештер менен болгон кырдаалга көз салууда.
«Элчиликтин кызматкерлери аэропортто турган кыргызстандыктар менен байланышта турат. Учурда аларды жакынкы каттамдар менен Кыргызстанга жиберүү маселеси каралып жатат», — деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.