• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Шереметьеводо өрттөнгөн учакта КР жарандары болгонбу? Элчиликтин жообу…

6 Бугу 201915:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

Москва — Мурманск каттамы менен багыт алып кырсыктаган Sukhoi Superjet 100 учагынан жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында КР жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомствого мындай маалыматты Россия ӨКМинин ыкчам кызматы берген.

Эске салсак, 5-май күнү кечинде орун алган, Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан учак абага көтөрүлгөндөн кийин күйүп, каза болгондордун саны 41 ге жетти.

Жалпысынан учакта 78 адам болгон. Анын 41и каза таап, 19 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 5 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Ал эми өрттүн келип чыгышына электр жабдыктарындагы мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылууда.

Количество просмотров: 24