• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Шерменде Конституция болот». Акаев Баш мыйзамды 1-окууга кайтаруу керектигин айтат

10 Жалган куран 2021 11:28 Бишкек Govori.TV

Жаңы Конституциянын долбоорун элге алып чыгуу боюнча бир катар регламент бузулуп жатат. Бул туурасында депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

Жыйын башталып күн тартиби бекитилип, бир мыйзам каралгандан кийин эл өкүлү Бактыбек Турусбеков чыгып Референдум дайындоо мыйзамын күн тартибине киргизүүнү сунуштап, добуш берүү менен чечилди.

Андан соң Акаев микрофонго чыгып нааразычылыгын билдирди.

«Биринчиден, мыйзам долбоорлору каралып жатканда күн тартибине өзгөртүү киргизилбеши керек. Экинчиден, регламентти өткөн шаршемби күнү да одоно буздук. Анткени 85-берененин 4-пунктунда добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат деп так жазылган. Абакта жаткан Дүйшөн Төрөкулов «макул» деп добуш бергени чыкты. Демек биз бүгүн Конституцияны экинчи, үчүнчү окуудан карабашыбыз керек, кайра биринчи башкарууга өтүшүбүз шарт. Эгер ушундай жол менен кетсек шерменде Конституция болот», — деди Акаев.

Ошондой эле ал мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карабай туруп, жалпы жыйынга алып чыкканын белгиледи.

Количество просмотров: 127