• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шерниязовдордун апасы көз жумду

22 Теке 201810:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.07.2018.Govori.TV
Бүгүн кыргыз саясатына, маданиятына чоң салым кошкон бир тууган Шерниязовдордун апасы Арна апа көз жумду. Бул тууралуу акын Асылбек Маратов фейсбук баракчасына жазды.
Анда ал «Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Ооо арман дүйнө…
Кадимки Арна апабыз дүйнө салды, Кыргыз элине Кыргыз маданиятына зор салым кошкон чыгаандарды, кыраандарды ШЕРЛЕРДИ төрөгөн алтын АПА жаткан жериңиз жайлуу болсун кош болуңуз.Шерниязовдордун үй бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз…»-деп жазган.
Эске сала кетсек, Эсентай аксакал менен Арна апанын уулдары Болот Шер КРнын эки жолку депутаты, ИИМ министри, «Көк бөрү» федерациясынын ардактуу президенти, Садык Шер маданият ишмери, кинорежиссер, ЖКнын депутаты, «Айтыш» коомдук фондунун түзүүчүсү, Баткен Шерниязов ишкер, кино театрлар тармагынын жетекчиси катары таанымал.
Количество просмотров: 35