• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шевченко кыргызстандыктарды Матраимовдордун турнирине чакырды

12 Аяк оона 2019 18:39 Бишкек Govori.TV

UFC Fighting Ranking рейтингинде аялдардын жеңил салмак категориясында №1 орунду ээлеп турган кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мекендештерин 15-сентябрда Ош шаарында Матраимовдорго таандык спорттук клуб уюштуруп жаткан эрежесиз уруш боюнча ММА, (WEF) тирнирине чакырды. Аталган видео «Ош СПОРТ Комитет» YouТube-каналына жарыяланды.

Ал эми КСДП партиясынын депутаты Искендер Матраимов алдыда өтө турчу турнирди анын инисине  байланыштырган маалыматтар тууралуу жеке пикирин билдирген.

“Мен үй-бүлөдө улуусумун. Атабыз каза болгонуна бир топ жыл өттү. Ошондон кийин бир туугандарымды өзүм чоңойттум. Райымды да мен өстүрүп,үйлөнттүм. Ал эми депутаттар менен министрлердин келишин буга чейин Райымга байланыштырып жазышкан эле. Аларды мен чакыргам.Келсе мени сыйлап келип жатышкандыр”,-деген Искендер Матраимов.

Количество просмотров: 368