Бишкек.11.08.2019.Govori.TV
Валентина Шевченко Уругвайда өткөн мелдеште жеңишке жетип, чемпиондук курун сактап калды.
Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында UFC Fight Night 156 турнирде Шевченко америкалык мушкер Лиз Кармуш беттешти.
Беттеш 5 раундга созулуп, калыстар Шевченконун жеңишин бир добуштан колдошту.
Валентина Шевченко менен Лиз Кармуш 2010-жылы C3 Fights турниринде беттешип, америкалык мушкер техникалык нокаут менен үчүнчү раундда жеңишке жетишкен. Бул Шевченконун мөөнөтүнөн мурда биринчи утулушу болгон.