• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Шевченконун кийинки беттеши качан жана ким менен болоору айтылды

19 Кулжа 201918:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун UFC уюмундагы кийинки беттеши качан болоору анык болду.

MMA Junkie сайты билдиргендей, UFC чемпиону Шевченконун чемпиондук наамын коргогон беттеши үстүбүздөгү жылдын 10-августунда Уругвайдын Монтевидео шаарында UFC on ESPN+ 14 мелдешинде өтөт.

Кыргызстандык мушкер америкалык Лиз Кармуш менен беттешет.

Эске сала кетсек, Валентина Шевченко былтыр декабрь айында UFC уюмунун чемпиондук курун жеңген. Жакында эле Чикагодо өткөн мелдеште атаандашы Жессика Айды нокаутка жөнөтүп, чемпиондук курун сактап калган.

Количество просмотров: 15