• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Шевченконун Ошто кара жорго, лезгинка бийлеген видеосу

10 Чын куран 201911:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.

Кечээ, UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарынын борбордук аянтында күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүп, кара жорго, лезгинка бийледи.

https://www.facebook.com/aziza.pusurmankulova/videos/vb.100006172779764/2336610676554669/?type=2&video_source=user_video_tab

Спортчу менен жолугушууга 10 миңге жакын күйөрман келген. Анда атайын концерттик программа уюштурулуп, мушкер айымга кызыктуу суроо берүү боюнча сынак өткөрүлдү. Кызыктуу суроо бергендер спортчудан белек алышты.

Белгилей кетсек, Шевченко Кыргызстанга 7-апрель күнү учуп келген. Сегизинчи апрель күнү ал Бишкек шаарында болуп, кечээ Ош шаарына барган. Он тогуз жылдан бери Ош шаарына келе элек спортчуга шаарда экскурсия уюштурулуп, ал Сулайман-Тоого чыгып келген.

Количество просмотров: 21