• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ШИИБ: Коменданттык саатта тартип бузу катталган жок

13 Тогуздун айы 2020 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда түн тынч өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар боюнча тургундардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

«Коомдук тартипти бузуу жана жеке, мамлекеттик мүлккө кол салуу факттары катталган жок»,деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коопсуздукту Бишкек шаарынын милициясы, кайгуул кызматы жана элдик кошуундар камсыздоодо.

Количество просмотров: 50