• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шинжаңдын мурдагы башчысы өмүр бою соттолду

3 Бештин айы 2019 19:31 Бишкек Govori.TV

Кытайда жемкорлук айыбы менен Шинжаң-уйгур автоном облусунун мурдагы губернатору, уйгурлардын көрүнүктүү өкүлү Нур Бекри өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ал 2-декабрдагы сот отурумунда күнөөсүн мойнуна алды.

61 жаштагы Бекри жемкорлукка айыпталып, быйыл сентябрда камалган. Ал 2004-2008-жылдары Шинжаңдын губернатору, кийин аймактын Улуттук энергетикалык агенттигин жетектеп, Кытайдын Реформа жана өнүктүрүү боюнча комиссиясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Бекринин кармалышы Бээжин Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулман элине, анын ичинде уйгурларга болгон саясатына байланыштуу эл аралык сынга кабылып жаткан маалга туш келди.

Количество просмотров: 61