• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ширин Айтматованын күйөөсү камакта калтырды

4 Жалган куран 2020 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Ширин Айтматованын жарандык никедеги күйөөсү Сыргак Кенжебаевди камакта калтырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кенжебаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2020-жылдын 20-апрелине чейин камакка алынган. Жактоочулар бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Эске салсак, Сыргак Кенжебаев алдамчылык кылмышына шектелип, 2019-жылдын 20-декабрында Казакстандын Алматы аэропортунан кармалган. Учурда ал №1 тергөө абагында кармалып жатат. Кылмыш иши Ички иштер министрлиги тарабынан тергелүүдө.

Количество просмотров: 95