• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Ширин Айтматованын жанында “гей” желегин көтөргөн жаранды сүрүп чыгарышты

18 Бештин айы 201915:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрда жарандар жемкорлукка каршы нааразычылык билдирип жана ЖМКларды колдоо ирээтинде өтүп жаткан тынчтык акциясына чыгышты.

Анда митингге келген жаран «гей» желегин көтөрүүгө аракет кылышты.

Эске салсак, борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 тынчтык митинги өттү. Элдик акция деп аталган бул иш чарага эч ким уюштуруучу болгон эмес. Жарандар өздөрү келишкен.

Алар үнүбүз угулсун деген максатта барабан алып келишкенин айтышкан. Андан тышкары кызыл карточка да көтөргөндөр бар.

Ал эми митингдин урааны катары “Уурдаба, уят болот”, “Тарых бүгүн жазылып жатат” деген жазуулары бар кагаздарды алып чыгышкан.

Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун ЖМКларга карата доо арызы себеп болду. Жалпы доо суммасы-60 миллион сом.

Количество просмотров: 10612