• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

ШКУ саммити үчүн орусия авто унааларды берет

11 Кулжа 201910:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

ШКУ саммитинин алкагында Орусия техникалык жардам көрсөтөт. Бул туурасында президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы  Турдиназир Бекбоев билдирди.

“Россия Федерациясы техникалык жардам көрсөттү. Биз Орусиядан «КАВЗ» үлгүсүндөгү 10 автобус, «Форд Фокус»  үлгүсүндөгү 30 жеңил унаа, «Форд Мондео» үлгүдөгү 20 унаа,  «Мерседес-Бенц» үлгүсүндө 6 коопсуздалган унаа келди”- деп билдирди Бекбоев.

Саммит бүткөн соң бардык унаалар Иш башкармалыктын балансында калат.

Т.Бекбоев мындай жардамы  үчүн орусия тарапка ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 14