• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

ШКУ саммитинен кийин ажолор Душанбеге барышат

13 Кулжа 201910:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өткөндөн кийин өлкө башчылары Душанбеге барышат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Маалым болгондой, 14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борборунда Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин саммити өтөт. Ага Кыргызстан, Кытай, Россия, Иран, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Бангладеш жана Шри-Ланканын президенттери катышары айтылууда.

Белгилей кетсек, аталган саммит төрт жыл сайын өтүп турат.

Количество просмотров: 14