• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Шопоков шаарынын мурдагы мэри менен эки жетекчи кармалды

14 Теке 2022 15:55 Бишкек Govori.TV

Шопоков шаарынын мурдагы мэри менен эки жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Сокулук районунун Шопоков шаарынын мурдагы мэри У.С.К., Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары А.Б.Т. жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер бөлүмүнүн башчысы кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Бул адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде жеке адамдарга белгилүү бир акчалай сыйлыкка муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин өткөрүп беришкен.

Учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 632