• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шоу бизнестеги кыздардын эркиндиги тууралуу ырлар

31 Тогуздун айы 2018 14:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018.Govori.TV
Бурулай Турдаалы кызынын кейиштүү өлүмүнөн кийин шоу бизнесте “Кыз” темасына байланыштуу ырлар актуалдуу болуп баштады. “Ала-Качуу” аттуу кыска метраждуу фильм тартылып, анын саундтрегин ырчы Айыма Айылчиева ырдап чыккан.
Бул ырда кыргыз кыздарынын коомдогу орду,эркиндиги жана кыялы чагылдырылган.
    Кыз көңүлү суудай таза, дили аруу,
Кыз боорукер ата-энени тумары.
   Кең талаада өскөн гүлдөр сыңары,
   Кыйылбасын кыздын бийик кыялы.

 

Буга чейин 19 жаштагы  Зере Асылбек аттуу жаш ырчы “Кыз” деген аталыштагы ырды элге сунуп, коомчулуктун ур-тепкисине кабылган.
Кызынын бул ырды жаратуусуна Бурулайдын өлүмү себепкер болгонун атасы педагог, Асылбек Жооданбеков берген маетеринде билдирген эле.
  Ал эами Зере Асылбек,
“Мен бул чыгарма менен коомубуздун кыздар тууралуу болгон  стериотиптерди жок кылууга аракеттендим. Биздин коомдо ар кандай кыздар бар жана алар каалагандай болууга толугу менен укуктуу. Көпчүлүк көздөгөн стандарттар бактылуу болуубузду тоспошу керек”,-деп түшүндүргөн.
                                                    Убакыт келсе,заман өтсө..
        Кандай өмүр сүрөм үйрөтпөсө?
         “Мындай кыл сен,андай кылба”,-
 деген сөздөр айтылбаса.
 Неге болом сен айткандай
    же коомчулук каалагандай!
          Адам болгонум,сөз эркиндигим
Кана сыйың мага карай?
Количество просмотров: 52