• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Штаб: Бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус табылды

9 Кулжа 202013:45 Бишкек Govori.TV

Бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика жүргүзүү мүлк формасына карабастан акысыз болот. Учурда бала бакчаларды ачууга даярдык көрүлүп жатат.

«Бүгүнкү күндө 6 кызматкерден коронавирус табылды. Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору республикадагы бала бакчалардын балдарды кабыл алуусу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришүүдө. Шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери балдарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бекитилген алгоритмдин негизинде уруксат беришет», — деп айтылат Республикалык штабдын маалыматында.

Количество просмотров: 36