• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Штаб: Коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бейтаптын бири – №3 Үй-бүлөлүк медицина дарыгерлер тобунун жетекчиси

2 Бугу 202015:07 Бишкек Govori.TV

2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 1962-жылы туулган, экинчи бейтап 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну. Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган.

«Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздиги болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 282