• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Штаб: Тышкы каттамдар 15-июндан тартып жанданбайт

5 Кулжа 20209:31 Бишкек Govori.TV

Жарандык авиация агенттигинин директорунун эл аралык авиакаттамдардын жанданышы тууралуу билдирүүсүндө так эместиктер болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, аэропортторду 15-июндан тарта эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдоо пландалып жатат. Ал эми каттамдардын өзү боюнча өкмөттүн өзүнчө чечими чыгат.

Эске салсак, кечээ,4-июндагы брифингде Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев эл аралык авиакаттамдарды 15-июндан тарта жандантуу пландалып жатканын, учурда эки чет элдик компания учууга макулдук бергенин айткан болчу.

Количество просмотров: 461