• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шыгаевден 350 миң сом талап кылган УКМКнын кызматкери абактан чыкты

2 Бештин айы 2019 17:49 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине карата өкүм чыгарды. Ал Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин мурунку директору Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом талап кылганы соттун токтомунда айтылат.

Ушул жылдын 15-майында УКМКнын кызматкери А.Н. Юристанбек Шыгаев менен жолугушкан. Ю.Шыгаев ал учурда аталган музейдин директору болчу. А.Н. музейден болжол менен 1 млн сомго бааланган сүрөттүн уурдалышы боюнча кылмыш иш козголгонун айтып, Шыгаевди коркутуп баштаган. Ал эми сүрөт музейден 2013-жылы уурдалган.

А.Н. ишти оң тарапка чечүү үчүн Шыгаевден 20 миң доллар талап кылган. Ал эми музейдин директору анда мындай суммадагы акча жок экенин, эмгек акысы болгону 18 миң сом экенин айткан. Андан кийин А.Н. акчанын суммасын 5000 долларга (350 миң сом) түшүргөн. Ал акчаны 17 майга чейин берүү керектигин эскерткен.

Аталган күнү А.Н. акчаны алуу үчүн музейге барган. Ал Шыгаевдин иш бөлмөсүнө кирип, акча алып жатканда УКМКнын Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Шектүүгө карата Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иш козголуп, Бишкектеги аскер кызматкерлеринин камак үйүнө киргизилген. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында үй камагына чыгарылган.

Сот отурумунун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал кызматын кыянаттык менен пайдаланбаганын билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы февраль айында тууганынан акча карыз алган. Ал Шыгаевде көйгөй болуп жатканын угуп, бул абалдан пайдаланып калууну чечкен. Кызматкер Шыгаевден акча алып, карызын кайтарып берүүнү көздөгөн. Ал 17-майда 50 миң сом алган.

Айыпталуучунун күнөөсү далилденип, бирок сот өкүмдү жеңилдетти. Ал буга чейин соттолбогону, биринчи жолу кылмыш жасаганы, жашы жете элек 2 баланын атасы болгону жана чыгымды төлөп берип, жабырлануучу тарап менен элдешкени эске алынды. А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулду. Ошондой эле ага 50 миң сом айып салынды.

Количество просмотров: 94