• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Шыкмаматовдун соту котормочу жок болгондуктан жарым саатка жылдырылды

18 Бештин айы 201714:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону жарым саатка жылдырылды. Сот Айбек Эрнис уулу немис-кыргыз тил котормочу жок болгондуктан отурум жарым саатка жылдырыла турганын айтты.

Эске салсак, Башкы прокуратура Шыкмаматовго  кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган»- деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон.

Бирок,  Шыкмаматов  өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, «саясий куугунтук» катары  баалап келет.

 

Количество просмотров: 22