• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Шыкмаматов: Бабановду Атамбаевге кошулат деген чагымчыл күчтөрдүн ушагы

27 Жалган куран 2019 14:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.

ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Республика-Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келүүсү керектигин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү «Govori.TV« агенттигине өзү билдирди.

«Бабанов Кыргызстанга келиш керек. Азыр мен ойлойм эгерде укук коргоо органдары Бабановдун иш аракеттерине адилеттүү, мыйзамдуу жана саясатты аралаштырбай баа берсе, анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок экени аныкталат»,-деди депутат.

Бабановдун шайлоодон кийин сыртка чыгып кетүүсүнүн негизги себеби катары Атамбаевдин жеке өчөшүп алуусу болду деп кошумчалады Шыкмаматов.

Эске салсак, “Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда “анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. 

Количество просмотров: 11