• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Шыкмаматов Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болду

20 Үчтүн айы 202311:38 Бишкек Govori.TV

Алмамбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Бишкек» ЭЭАнын буга чейинки директору Кудрет Тайчабаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Алмамбет Шыкмаматов 2015-жылы «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты болгон. 2017-жылы «Ата Мекен» фракциясын жетектеген. 2011-2014-жылдар аралыгында юстиция министри болгон. 2021-жылы инвестициялар министри болуп дайындалган.

Количество просмотров: 83