Шайлоодо акчанын ролун ойнотпош үчүн каражат чачкандар өтпөй калыш керек. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Коомчулук бүгүнкү күндө парламентке жаштар, мугалимдер, врачтар, маданияттын өкүлдөрү келсин деген талаптарды коюп жатат. Биз эл менен жолукканда алар элита жаңырсын деген ойлорун байма-бай айтууда. Демек, элдин купулуна толуп, шайлоодо добуш алыш үчүн ар бир партия өзүнүн катарын жаңылатат. Бул жолу коомчулук аң сезимдеги секирикти жасайт дагы акча роль ойнобой калат. Мына ошондо биз даңгыр жолубузду тапкан болобуз, -деди А.Шыкмаматов.