Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 26-апрелде “Биз уранды казганга каршыбыз” деген ураан менен эл митинге чыгышты.
Митинг Ак Үйдүн астынан башталып, аянтта уланды. Калк уранды казууну такыр орду түбү менен жок кылыш керек деген талапты коюшту.
Митингде ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов элден бир секунд убакыт берүүнү суранды. Бирок, эл аны карапайым элден микрофон талашпай ЖКдагы трибунадан сүйлөсүн деп сөз беришкен жок.
Ага карабастан эл өкүлү парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов жана “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча” мыйзам долбоорун сунуштаганы тууралуу айтканга мүмкүнчүлүк алды.