• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шыкмаматов: Мыйзам долбоорун жазган юристтер Жапаровду жаман абалда калтырышты

19 Жетинин айы 2020 21:07 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров баары жакшы деген юристтердин туткуну болуп калды. Мындай пикирин мурунку депутат Алмамбет Шыкмаматов 24.kg агенттиги билдирди.

Анын айтымында бул мыйзам долбооруна Жапаров өзү деле толук ынанбай турса керек.

«Бул мыйзам долбоорун жазган юристтер Жапаровго жагабыз деп жатып, аны жаман абалда калтырышты. Мисалы эмне себептен алар беш жылдан президенттикке эки мөөнөттү жазышты. Биз мындан атайы алыстап кетпедик беле, мыйзамга президент үчүн бир гана алты жылдык мөөнөт болот деп жазып», — деп билдирген ал.

Ал кошумчалагандай бул долбоорду талкуулоонун ордуна кайрадан жазып чыгуу керек.

Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Долбоорго ылайык президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайланат, өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

Мындай өзгөрүүлөр коомдук-саясий чөйрөдө көп адамдар тарабынан бийликти узурпациялоо, бир колго топтоо аракети, өлкөнүн келечегине доо кетирүү катары бааланып жатат. Бирок өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров бул боюнча өз кайрылуусун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. Жапаровдун кайрылуусунда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү» деп айтылат. Ошондой эле Жапаров жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес экенин белгилеп, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө элди катыштырууга шарт түзүү экенин билдирген.

Жапаров кыргызстандыктарды Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого жигердүү катышууга чакырып, сунуштар эске алынарын айтты.

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-июлда коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон. Алардын айрымдары бул долбоорго демилгечи жана автор эмес экенин айтып чыгышты. 

Количество просмотров: 3868