• Шейшемби 24 Жетинин айы 2020

Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Нарындагы шайлоо алдындагы штабын жетектейт

5 ноября 2020 в 18:13 Бишкек Govori.TV

Мурунку депутат Алмамбет Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектейт.

Белгилей кетсек, Президенттик шайлоого катышаарын билдирген Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин айткан эле.

Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырды. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Канатбек Исаев президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын билдирди. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев да президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген.

Количество просмотров: 147