«Төраганын отставкасы тууралуу суроо ишке ашпаган иш. Менин оюмча аны отставкага кетирүү үчүн керек болгон 80 добуш топтолбойт», — деди Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Kaktus.media менен болгон маегинде.
Эске салсак, буга чейин депутат Исхак Масалиев төраганы кызматтан кетирүү тууралуу сөз козгогон эле.
Депутаттын айтымында, шаардын аталышын туура эмес айтуу албетте жакшы көрүнүш эмес, бирок отставкага да себеп эмес.
Баары эле ар тарабы төп келген эмес да, айрымдары орусча туура эмес айтса, кээ бирлери кыргызча. Парламентте айрымдар бул абалды пайдалангысы келип жаткандыр. Бирок азыр кеч болуп калды, себеби бул чакырылыштын мөөнөтүнүн бүтөөрүнө алты гана ай калды», — деген депутат.