Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.
Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду
Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Жамшитовдун айтымында, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.
Башкы прокурордун сөзүнө караганда, бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 млн. сомдук зыян келтирилген. Анын 101,6 млн. сому музейден, 145,9 млн. сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян.