• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Шыкмаматовдун мандаты Сыдыгалиевге берилди

27 Бештин айы 201911:32 Бишкек Govori.TV

Өз арызынын негизинде депутаттык ишмердүүлүгү токтотулган ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна “Ата Мекен” партиясынан Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович депутаттык мандатка ээ болду. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилей кетсек, Нурбек Сыдыгалиев мурда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген.

Эске салсак, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып кайрылган. Ал ошондой эле «Ата-Мекен» партиясынын катарынан дагы чыкканын кабарлады. Мындай чечимге барууга аталган партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев менен болгон өз ара пикир-келишпестиктер себеп болгон.

Количество просмотров: 249