• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Си Цзиньпин I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

13 Кулжа 201912:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Сыйлыкты тапшыруу аземи Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында болду.

«Сиз ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого зор салым кошуп келесиз. Кыргызстанга колдоо көрсөткөнүңүз үчүн рахмат. Сиздин визит кыргыз-кытай алакасынын жаңы барагын ачат», — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин кечээ Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келген.

Количество просмотров: 17