Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.
Кытай лидери Си Цзиньпин ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынында сүйлөп жатып, кыргыз макалын кошуп кетти.»Кыргыздын «Ырыс алды — ынтымак» деген макалында айтылгандай, ынтымак — бактылуулуктун негизи. Эмесе, шанхай духу менен кадамдаш бололу», — деди Си Цзиньпин.
Мындан сырткары Цивилизациялар кагылышы тууралуу кайталама сөздөрдү токтотуу керектигин белгиледи.
«Цивилизациялар кагылышы тууралуу айта бербесек. Тескерисинче, мамлекеттер арасында, өзгөчө жаштардын деңгээлинде байланышты күчөтүү керек», — деди Си Цзиньпин.
Бирок ал кесиптештери тууралуу айтып жатабы же негизи эле дүйнө коомчулугубу, тактаган жок.
Эске салсак, Кытай лидери глобалдык маселелер боюнча көп айтат. Бир ирет ШКУ саммитинде «биздин планета бир чоң айыл» деп айтканы бар.