• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Sinopharm вакцинасы 12-июлда бүт аймактарга жеткирилет

12 Теке 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Sinopharm вакцинасы 12-июлда бүт аймактарга жеткирилет. Бейтапканалардан тышкары мектептерде, маданият үйлөрүндө, соода борборлорунда жана парктарда да вакцина алуучу жайлар уюштурулду. Препараттар атайын термоконтейнерлерде сакталат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова “Азаттыкка” билдиргендей, өлкө боюнча 847 эмдөө пункту иштейт.

Кыргызстанга 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинди. Анын 150 миңин Бээжин жардам иретинде акысыз берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алганы расмий кабарланды.

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Учурда өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмделгендердин саны 129 миңден ашты. Алардын 84 миңден көбү эки дозасын тең алды (вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортодогу аралык үч жума болот).

Буга чейин Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарган. Анда Кыргызстан вакцина жараяны начар жүргөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 160-орунга жайгашкан.

2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандар 140 миңге жакындап, 2 102​ бейтап көз жумду.

Количество просмотров: 85