• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сирияда аба соккуларынан 10 жай тургун мерт болду

31 Үчтүн айы 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Сириянын Идлиб провинциясында орус авиациясынын соккуларынан кеминде он жай тургун мерт болду. Бул тууралуу Anadolu агенттиги «Ак каскачандар» уюмуна шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, 30-январга караган түнү Эриха шаарындагы бир нече объектиге, анын ичинде оорукана менен наабайканага абадан сокку урулган.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдү четке кагып, аны маалыматтык чагым деп атады.

Эриха Идлиб провинциясынын административдик борбору менен Маарат-эн-Нууман шаарынын ортосунда жайгашкан. Сириянын өкмөттүк күчтөрү куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган бул аймактагы райондорго декабрдан тарта чабуул жасай баштаган.

Буга чейин Асаддын армиясына колдоо көрсөтүп жаткан Орусия Идлибдеги аба соккуларына катышы бар экенин четке каккан.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчыларга каршы күрөшүн 2014-жылы баштаган. Коалиция Сириянын демократиялык оппозициячыл күчтөрүн колдойт. Орусия болсо Сириядагы аскердик кампаниясын 2015-жылы 30-сентябрда баштаган. Коалиция Сириянын президенти Башар Асадды колдогондугу үчүн Москваны бир нече жолу сындаган. Батыш өлкөлөрү Асадды адам укуктарын жапырт бузууга айыптап келишет.

Количество просмотров: 127