• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сириядан келген эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды

28 Жалган куран 2022 15:38 Бишкек Govori.TV

“Катиба Таухид валь-Жихад” террористтик уюмунун согушкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-мартында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, мурда Сирияда диверсиялык, мина жардыргыч заты боюнча машыгуудан өткөн жана терроризмге каршы коалициянын күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан “Катиба Таухид валь-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун согушкери Ш.Р., кармалды.

Маалым болгондой, ал аталган эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Сириядан жанкечти катары теракт жасоо үчүн аймактагы өлкөлөрдүн бирине жөнөтүлгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иш-чараларынын комплекси уланууда.

Количество просмотров: 182