• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сирияга баруу үчүн чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдиктер кармалды

15 Жалган куран 2022 10:31 Бишкек Govori.TV

Сириядагы согуштук аймакка баруу максатында “КР чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн” деген шек менен чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын корголуучу мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен, Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Маалым болгондой, кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Кыргыз Республикасына келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан.

Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.

Количество просмотров: 214