Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде депутат Кожобек Рыспаев Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ишин сынга алды. Жыйында депутат кызматкерлердин айлыгын санап, орточо 236миң сом айлык маяна алгандар бар экенин атады.
Эл өкүлү Кожобек Рыспаевдин бул билдирүүсүнөн кийин федерациянын кызматкери Элдияр Тажибаев депутатка кайрылып, бул жалган маалымат экенин айтты.
“Бул маалымат жалган. Эгерде чын болсо жумушуман кетем, эгер жалган болуп калган болсо сиз 2020-жылкы шайлоого барбайм деп сөз бериңиз“,- деп жооп кайтарды.