• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Сиз үй ээсин сыйлап коюшуңуз керек го э?». Лавров Казакбаевге кайрылды…

23 Тогуздун айы 2020 19:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-октябрда Москвада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен бөлүшүп, эки өлкөнүн ТИМ башчылары журналисттерге чыгып, суроолого жооп беришти.

Маалымат жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен журналисттин ортосунда болгон кыргыз тилиндеги суроо-жооп орусиялык кесиптеши Сергей Лавровго жаккан жок.

«Кечириңиз, сиз үй ээсин сыйлап коюшуңуз керек го э? Бардык маанисинде…», — деди Лавров Казакбаев Кыргызстандын 1-каналынын журналистинин суроосуна кыргыз тилинде жооп берип жатканда.

https://www.facebook.com/MIDRussia/videos/670332363881758

Ал эми Орусиянын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Руслан Казакбаев журналисттер үчүн жыйын куруп, анда эки тараптуу жолугушуу тууралуу маалымат беришти. Тараптар жолугушуу канагаттандырарлык деңгээлде өткөнүн белгилешти.

Это дно, господа! Днище!

Опубликовано Чынгызом Сапарбаевым Пятница, 23 октября 2020 г.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги жапырт башаламандыкка айланып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 3880