• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Сиз өлкөгө бир кирпич алып келген эмессиз». Исмаилов Мадумаровду сындады

26 Тогуздун айы 2022 11:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында депутат Фархат Исмаилов кесиптеши Адахан Мадумаровду «ар бир иштен өзүн пиар кылат» деп сындады. Ал Мадумаровго динди билем дегени менен чындыгында динди билбей тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал динден мисал келтирди.

«Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, ал күндү карап таш урган менен барабар. Ал таш сиздин өзүңүздүн башыңызга тийиши мүмкүн. Мамлекетте 30 жылда азыркы өлкө башчысындай эч ким иш алып барган эмес. Сиз өлкөгө бир кирпич алып келген эмессиз. Азыр сизге тең келе турган бул жерде жигит мүнөз адамдар аз. Сизге бир гана аял киши тең келбесе, сиз бул жерде жөн жерден пиар иштеп, дүрбөлөң кылбаңыз», — деди ал.

Депутат Дастан Бекешов жекеликке өтүп, сын айтканды токтотууга чакырды.

Количество просмотров: 2092