• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«Beelineдын» мурдагы башкы директору кармалды

2 Бирдин айы 2021 18:17 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирди деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-февралында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деп шектелип «Скай Мобайл» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Кражан Евген Викторович кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган жетекчи мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында, ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.

Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн 803 миң сомду түзүп сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Учурда аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда.

Количество просмотров: 82