• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Слесарев: Алар 6 айда топтогон материалды бизге 5 күнгө таанышууга берип жатышат

9 Аяк оона 2019 15:10 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сотко чейинки тергөө аяктаганын адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле билдиргенин жана 2-3-сентябрда адвокаттар ар кайсы шылтоону айтып, кылмыш иштин материалдары менен таанышуу үчүн келишкен эместигин айтып маалымат тараткан эле. Бул боюнча Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев «Govori.TVга» өзүнүн пикирин айтып, чынын айтканда ИИМдин мындай маалыматы мени таң калтырды деди.

«Бизге 4-сентябрь күнү тергөөнүн аяктаганы жөнүндө жарыялашты. Биз ошол тууралуу бизге маалымдалган деген токтомго кол коюп бердик, Алмазбек Атамбаев эч кайсыл документтерге башынан эле кол койбойт, суроолорго дагы жооп бербейт. Бул анын позициясы. 5-сентябрдан тартып бизди иш менен тааныштырышып, эртеси эле график коюп коюшту. Албетте бул убакыт жетишсиз. Иш менен таанышууга деп 7-8-сентябрь, дем алыш күндөрдү да кошуп коюшкан»,-деген Слесарев тергөөчүлөр тарабынан алты айда чогултулган материалдарды жактоочу тарапка беш күнгө таанышууга берилгенин айтты.

Эске салсак, буга чейин ИИМ «4-сентябрда Атамбаев жана анын жактоочусу тергөө бүткөнү тууралуу документке кол коюудан баш тартты. Ушул эле күнү адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге иштин материалдары менен таанышууга чакырган маалымкат берилген. 5-сентябрда экөө бир жана эки саат убакытта материал менен таанышты. 6-сентябрдан 11ине чейин иштин материалдары менен таанышуу мөөнөтүн бекитүү тууралуу токтом чыкты», — деп маалымат тараткан.

Количество просмотров: 146