• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Слесарев Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай жатканын айтты

12 Теке 2019 10:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев 11-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрадан кат жиберди. Анда Слесарев Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай жатканын түшүндүргөн. Ал Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат. Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапкерлери билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматы 8-июлдан бери Алмазбек Атамбаевге эки жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал экөөндө мекемеге баруудан баш тарткан.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтөөдө.

Атамбаев кол тийбестиктен Жогорку Кеңештин 27-июндагы чечими менен ажыраган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып, Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 42