Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.
8-июнь күнү Соң-Көл жайлоосуна мал айдап бара жаткан беш адамдын бири каза болуп, 30дан ашуун мал жардан учкан. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, Туз айылынын 5 тургуну (эркек: 1968-жылкы М.К., 1986-жылкы М. Б., 1990-жылкы Т у.Т., 1988-жылкы Р.Б., 1985-жылкы С.М.) Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап чыгышып, Көнөк ашуусунда туман түшкөндүктөн бороондон адашып, ашууну аша албай калышкан.Натыйжада, 1968-жылы туулган М.К., аттуу жарандын кан басымы жогорулап, суукка туруштук бере албай каза болгон. Андан тышкары 30 кой, 3 жылкы, 1 эшек катуу болгон бороондон улам жардан учуп кеткен.
Окуя болгон жерге эртеси 6 куткаруучу, 2 медицина кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 4 адам барып, малчыларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми, калган 4 адам айылдагы оорукана жеткирилген. Ошондой эле каза болгон адамды туугандарына өткөрүп беришкен.