• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соң-Көлдө малдын массалык шарп ылаңы катталдыбы? Министрлик билдирүү таратты

9 Баш оона 2023 14:16 Бишкек Govori.TV

Соң-Көл жайлоосунда малдын жапырт шарп ылаңы менен ооруган факты катталган жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда Соң-Көл жайлоосунда бодо малдар шарп ылаңы менен ооруп жатканы боюнча такталбаган маалымат тараган. Буга байланыштуу Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат төмөндөгүлөрдү билдирет.

«Соң-Көл жайлоосуна Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун малчылары чыгышат. Ушуга байланыштуу, жайкысын аталган үч райондун ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору жеке ветеринардык врачтар менен биргеликте Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүп, эпизоотиялык кырдаалды анализдеп, текшерип турушат», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик акыркы жолу инспекторлор 18-19-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп келишкенин белгилейт. Анда малчылардан эч кандай даттануулар жана арыздар түшкөн эмес, эпизоотиялык абал туруктуу, жугуштуу ылаңдар жок экени белгиленген. Мындан тышкары, Соң-Көл жайлоосуна бекитилген ветеринар адистер жума сайын мониторинг жүргүзүп, райондук ветеринардык башкармалыкка маалымат берип турушат. Бул боюнча жеринде түзүлгөн актылар бар.

Жогорудагы маалыматтын негизинде бүгүнкү күндө Ветеринардык кызматтын инспекторлору Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп, малдар арасында шарп ылаңы менен оруп жаткандыгы такталган жок, эпизоотиялык абал туруктуу.

Количество просмотров: 93