• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкты. Коронавирустан дагы 6 адам каза болду

20 Жетинин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен алты киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын төрт, Нарын облусунун бир жана Ош облусунун бир тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1223 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 386 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (119) жана Чүй облусунда (118).
Оору жуккандардын жалпы саны 68 702 кишиге жетти.
Бир күндө 427 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3137 адам жатат, дагы 3826 бейтап үйдөн дарыланууда.
230 АДАМ ЫРАЙЫМ АЛДЫ
Кыргызстанда абакта отурган 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгон.
Жалпысынан ЖАМК президентке караштуу Мунапыс маселелери боюнча катчылыкка 1800дөн ашуун адамга мунапыс берүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн. Азыркы тапта аларды кароо уланууда.
Быйыл май айында Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол коюлуп, негизинен улгайган адамдар, өспүрүмдөр жана аялдар бошотулагн.
Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө он миңге жакын адам кармалары буга чейин кабарланган.
ДАГЫ 3 МЛН. ДОЛЛАР САТЫЛДЫ
Кыргызстандын Улуттук банкы соңку төрт күндөн бери катары менен интервенция жүргүзүп жатат. Кечээ, 19-ноябрда сатыкка дагы 3 миллион доллар чыгарылды.
Ноябрь айында бешинчи, ал эми жыл башынан бери 20-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 400 миллион доллардан ашуун каражат коюлду.
Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат.
Бүгүн, 20-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,78 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.
Кокусунан башына түшкөн бакытка баштары айнып калдыбы дейм

Количество просмотров: 44